Menu

Каракалпакстанда эшектердин сөөгү көмүлгөн жай табылды

Бөлүшүү:

Каракалпакстандын Элликала районуда эшектердин сөөгү көмүлгөн жай табылгандан кийин коомдук тамактануу жайлары жана эт дүкөндөрү текшериле баштады.

Бир нече күн мурда Достон Болтаев аттуу жергиликтүү блогер райондун чыгыш тарабындагы кумдуу жерден элүүдөн ашык өлгөн эшектин сөөктөрүн тапкан. Көп өтпөй андан алыс эмес жерден дагы ондон ашык эшек көмүлгөнү аныкталган.

– Сөөктөрдүн арасында жаңысы да, эскиси да бар экен. Ал жерге эшектердин сөөктөрүн, ичегилерин жана баштарын гана ташташыптыр, терилери менен эти жок. Мунун артында ким турат. Эшектин эти каякка тапшырылды? Эшектер зоопарктагы жаныбарлар үчүн союлган дейин десең бул жерде сөөктөрү жатат. Зоопаркта болсо жырткычтарга эт сөөгү менен берилет, – деген блогер.

Райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү эшектин сөөктөрү табылгандан кийин укук коргоо органдары алдын ала тергөө иштерин баштап, аймак туруктуу байкоого алынганын билдирди.

Өзбекстанда эшектердин сөөгү көмүлгөн жайлар буга чейин да табылган. Үч жыл мурда Самарканд шаарынан алыс эмес жерде беш кишиден турган топ эшек бизнеси менен алектенип жүргөнү аныкталган. Анда сот алардын аракетинде кылмыштын белгилери табылбаганын билдирген. Топтун мүчөлөрү жаныбарларга катаал мамиле кылууга күнөөлүү деп табылып, административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар эки минималдык айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: