Menu

«Путиндин хар сарайына» коңшулаш жайгашкан кыймылсыз мүлктөр тууралуу иликтөө жарыяланды

Бөлүшүү:

«Открытые медиа» басылмасы Геленжиктеги «Путиндин хар сарайына» коңшулаш жайгашкан жер тилкелер жана кыймылсыз мүлктөр тууралуу иликтөө жарыялады.

Росреестрдеги маалыматтарга жана жергиликтүү тургундардын айткандарына негизделген иликтөөдө Идокопас булуңундагы «хан сарайдын» жанында «кайтарууга алынган, Путиндин жакын санаалаштарына таандык кыймылсыз мүлктөр пайда болгону» белгиленген.

«Открытые медианын» иликтөөсүндө айтылган ысымдардын арасында Геннадий Тимченко, Олег Дерипаска, Юрий Ковальчук жана Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл да бар.

«Открытые медиа» басылмасынын журналисттери «Комплекс» компаниясы (хан сарайга байланышкан бардык мүлктөр ушул компанияга катталган) Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) караштуу Чек ара кызматынан ижарага алган 119 гектар жер тилкеси мергенчилик базасы үчүн бөлүнгөнүн аныктап чыгышкан. Оппозициячы саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун иликтөөсүндө бул жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: