Бүгүн, 19-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 83 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 22, Чүй облусунан – 42, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 10, Баткен облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан –1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 772 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 58 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 583кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 28, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 13, Нарын облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1450гө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ