“Буга чейин Конституцияда президенттин жоопкерчилиги жок болчу”, – деп билдирди кечээ, 18-февралда экс-депутат Бегалы Наргозуев “Ала-Тоо 24” каналынын “Кеч эмес” программасында.
“Мен кыйын” деген Текебаев сыяктуу саясатчылар дагы “президент өкмөттүн ишинин натыйжасына президент жооп берет” деген норманы киргизе албай коюшкан. Жаңы Конституцияда ар бир пунктка “президент жооп берет” деп жазышыптыр. Мурдагы президенттер өлкөдө кандай гана саясий-экономикалык кризис түзүлсө, премьер-министрди садага чаап, өздөрү суудан кургак чыгып кетчү. Ал эми жаңы Баш мыйзамда “өлкөдөгү бардык экономикалык же саясий кризистерге түздөн-түз жооп берет” деп жазылып турат”, – деп билдирди Бегалы Наргозуев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ