Бүгүн, 19-февралда Райымбек Матраимовдун тарапташтары Ош шаарында жана Бишкек шаарында митингге чыгып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын бошотууну талап кылышты.
Оштогу митинг Матраимов курган мечиттин жаннан башталып, чогулгандар райондук администрациянын имаратына чейин барышты. Митингчилер өз сөздөрүндө Райымбек Матраимовду саясий курмандык деп атап, аны бошотууну талап кылышты.
Матраимовдун тарапташтары Кара-Суу районундагы бүгүнкү митинг аяктаганын, бирок ал мөөнөтсүз болоорун жана бийлик алардын талаптарын аткармайынча, митингдер Ош облусунун бардык аймагында өткөрүлө тургандыгын билдиришти.
Ошондой эле алар Райымбек Матраимовду колдоо боюнча штаб түзүлө турганын билдиришти.
Митингдин мадератору Кара-Суу районунун калкынын атынан президент Садыр Жапаровдун атына кайрылуу жазып, бардык тургундардын кол тамгаларын чогултушаарын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ