Menu

Эртең Бишкек шаарынын бардык райондорунда, облустук жана райондук борборлордо айыл чарба жарманкелери өтөт

Бөлүшүү:

Эртең саат 10.00дө Бишкек шаарынын бардык райондорунда ар ишемби сайын өтүүчү салттуу айыл чарба жарманкелери ачылат. Жарманкеде 53 компания жана 61 фермердик чарба тарабынан наркы рынок баасынан төмөн атамекендик өндүрүштөгү продукциялар сунушталат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлүүчү жарманкелердин негизги максаты – калкты азык-түлүктүн (ун, кант, май, эт, жумуртка, күрүч, картөшкө, пияз, сабиз, алма) негизги түрү менен жетиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо.

Биринчи Май районундагы жарманке Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн алкагында өтөт.

Октябрь районундагы жарманке 12-кичи райондо Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде өтөт.

Свердлов районундагы жарманке Восток-5 кичи районунда Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинде өтөт.

Ленин районунда жарманке Бакаев (мурдагы Чапаев) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Белгилесек, жарманкенин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы саналат.

Өлкөнүн бардык ири калктуу пункттарындагы айыл чарба жарманкелерин өткөрүү зарылдыгы тууралуу тапшырманы 2021-жылдын 17-февралында өткөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов берген.

Айыл чарба жарманкелери эртең Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, Кыргыз Республикасынын бардык облустук жана райондук борборлорунда өтөт.

Жарандардын ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун сактоо иретинде Кыргыз Республикасынын бардык тургундарын жарманкелерге жана башка коомдук жайларга барууда беткап, социалдык обочолонуу режимин жана санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоого чакырабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: