Menu

Германия полициясы мушташка катышкан тажик блогерлеринин бири-бирине жолугушуусуна тыюу салды

Бөлүшүү:

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын полициясы тажикстандыктардан турган сегиз кишинин бири-бирине жолугуусуна тыюу салды. Буга чейин алардын ортосунда мушташ чыгып, газ тапанчалары колдонулган.

Мушташка катышкан Музаффар Давлатов аттуу тажикстандык блогер алар уруштун башка катышуучулары жашаган аймакка барбоо тууралуу полицияга тилкат жазып беришкенин билдирди. Анын айтымында, бул тыюуну бузса алар төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Газ тапанчасы колдонулган мушташ 17-февралда болгон. Жыйынтыгында Давлатов мойнунан жана колунан жаракат алган. Бул окуядан кийин үч тажикстандык, анын ичинде блогерлер Музаффар Давлатов, Шерзод Мамажонов жана Сулаймон Орзуев полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Блогерлер Давлатов менен Орзуев мушташтын келип чыгышына бири-бирин айыптоодо.

Маалыматка караганда, жакында эле Тажикстанга барып келген Давлатов Душанбедеги өзгөрүүлөр жөнүндө видео тартып, шаарды Дубайга салыштырган. Өз кезегинде Орзуев бул видеону сындап, блогер «элдин жакырчылыгын жана Тажикстандагы адам укуктарынын бузулуп жатканын» көрбөгөнүн айтып чыккан. Жыйынтыгында алар Зост шаарында жолугуп, ортодо мушташ чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: