Menu

УКМКнын кызматкерлерине пара берген муфтияттын башкы бухгалтеринин кармалган видеосу жарыяланды

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын башкы эсепчисинин пара берип жаткан жеринен кармалган видеотасма пайда болду. Ошондой эле экс-муфтий Максат ажы Токтомушевге окшогон адамдын белгисиз адамдар менен акча которуу жөнүндө сүйлөшкөн учуру да бар.

Кадрлардын биринде Максат ажы Токтомушевге окшош адам сумма толугу менен даяр эместигин (100 миң доллар жөнүндө сөз болуп жатат), азырынча 40 миңин, ал эми кечинде 30 миңин бере тургандарын айтат. Ал эми калган сумманы кийинчерээк беребиз дейт.

Видеонун жарымында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын бухгалтеринин пара берген жеринен кармалганы чагылдырылат.

Эскерте кетсек, экс-муфтий Максат Ажы Токтомушев кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал жана Мусулмандардын Дин Башкармалыгынын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине ири өлчөмдө пара берген, ошондой эле ажылардын Ажылык сапарга кошкон каражатын пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга шектелген. Соттун чечими менен экс-муфтий үй камагына чыгарылган. Ал эми башкы эсепчи 2 айга камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: