Menu

Өзбекстанда даттануулардан кийин онкологиялык клиниканын жетекчилигине кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Республикалык онкология жана радиология илимий-практикалык борбордун Ташкенттеги филиалынын жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, мекеме жетекчилери «Кызмат абалын кыянат пайдалануу менен акча уурдоо же коромжуга учуратуу» беренеси боюнча айыпталууда.

Буга чейин социалдык түйүндөргө аталган мекемеде иштеген дарыгерлер тобунун видеокайрылуусу жарыяланган. Алар каражаттын тартыштыгынан улам айрым бейтаптар өз учурунда хирургиялык жардам албай калышканын айтышкан. Мындан тышкары кайрылууда мамлекет тарабынан берилген кымбат жана сейрек кездешүүчү дарылардын көбү бейтаптарга берилбегени, алардын ордуна борбордун ички дарыканасында даярдалган башка препараттар колдонулганы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: