Menu

Казакстанда көп балалуу энелер кайра митингге чыгышты

Бөлүшүү:

22-февралда Нур-Султан шаарында ондогон көп балалуу эне Эмгек жана социалдык колдоо министрлигинин имаратынын алдына акцияга чыкты.

Алар мекеменин жетекчилигинен көп балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык турак-жай менен камсыз кылууну жана ар бир балага 18 жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөөнү талап кылышты. Чогулгандардын айтымында, мамлекеттин колдоосу жетишсиз болуп жаткандыктан, мындай үй-бүлөлөрдө кырсыктар көп болууда. Алардын акыркысы өткөн жумада Жамбыл облусунун Жанатас шаарында болуп, өрттөн бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болгон.

«Көпчүлүк жарандар көп балалуу энелерди арам тамак, жатып ичер жана бекерчи дешет. Бирок андай эмес! Күндүз пол жууп, кечкисин үй кызматчысы болуп иштеген аялдар өтө көп. Башкалары үйдөн бир нерсе жасап сатып жатышат. Кыскасы, эч ким бош отурган жок!», — деди Гүлнар Ракымжанкызы атуу акция катышуучусу.

Акция катышуучулары министр менен жолуга албай койгондон кийин «Нур Отан» партиясынын баш калаадагы кеңсесине барышты.

«Нур Отандын» өкүлдөрү акцияга чыккандарды кеңсе ичинде сүйлөшүүгө чакырышты. Бирок жолугушууга журналисттер киргизилбегендиктен энелер бул сунуштан баш тартышты.

Казакстанда соңку жылдары көп балалуу энелер байма-бай акцияларды өткөрүп келишет. Буга 2019-жылы февраль айында Нур-Султанда өрттөн бир тууган беш кыз күйүп кеткен окуя себеп болгон. Жетишпеген турмушта жашаган кыздардын ата-энеси кырсык учурунда жумушта болгон. Бул окуя казак коомунда нааразылыктарды жаратып, мамлекеттин камкордугун күчөтүүнү талап кыла башташкан.

Быйыл 19-февралда Жамбыл облусунун Сарысу районунда беш кабаттуу үйдө өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: