Menu

Казакстандын мурдагы саламаттык сактоо министринин үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун үй камагындагы мөөнөтү марттын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Дмитрий Куряченко билдирди.

«Биртановдун мыйзамсыз куугунтукталып жатканына көңүл буруу өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдодум. Бирок кайрылуумду ага жеткирбей коюшат деп коркуп турам», — деди адвокат.

49 жаштагы Елжан Биртанов Казакстандын саламаттык сактоо министри кызматында 2017-жылдын январынан 2020-жылдын июнуна чейин иштеген. Ал өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп, ооруканаларда орундар жетишпей жаткан маалда отставкага кеткен. Анын ордуна Алексей Цой министр болуп келген.

Былтыр августтун башында Биртановдун орун басары болуп иштеген Олжас Абишев кармалган. Сентябрда ал маалыматтык системаларды түзүү үчүн бөлүнгөн 500 миллион теңгеге жакын каражатты уурдоого шектелип жатканы белгилүү болгон.

Мурдагы министр өзү ноябрда кармалып, тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Анда ал ири өлчөмдөгү бюджеттик каражатты коротууга айыпталып жатканы кабарланган.

Быйыл январда сот Биртановдун үй камактагы мөөнөтүн 28-февралга чейин узарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: