Menu

Оренбургда газ куурундагы авариядан улам Казакстанга көгүлтүр отун жеткирүү үзгүлтүккө учурады

Бөлүшүү:

23-февраль күнү эртең менен Орусиянын Оренбург облусуна караштуу Илек районундагы магистралдык газ куурунда жарылуу болду. Газ кууру «Газпром трансгаз Екатеринбург» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык.

Облустук администрация билдиргендей, жарылуудан курман болгондор жана жабыркагандар жок. Авария катталган жер калктуу конуштардан алыс жайгашкан. Магистралдык газ кууру Илек районун, Оренбург районунун бир бөлүгүн Соль-Илецк районунун бир бөлүгүн көгүлтүр отун менен камсыздайт жана Казакстанга газ жеткирет.

Орусиянын Энергетика министрлиги авариядан улам Казакстанга газ жеткирүү убактылуу токтотулганын кабарлады.

Маалыматка караганда, бул окуядан улам «Союз» газ куурунда газдын басымы төмөндөп, көгүлтүр отун күйүп кеткен.

Жергиликтүү бийлик авариянын кесепеттерин жоюуга, ремонт иштерине эки күн талап кылынарын белгиледи.

Казакстандын Энергетика министрлиги Батыш Казакстан облусунун керектөөчүлөрүн газ менен камсыздоо үчүн убактылуу «Орто Азия – Борбор» газ куурунун ресурстары колдонулганын маалымдады. Мекеме өлкөнүн газ-транспорттук ситсемасы штаттык режимде иштеп жатканын, абал көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: