Menu

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик орган 2 млн сом моралдык зыяндын ордун толтурду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик органдар 2 000 000 сом өлчөмүндөгү моралдык зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасы билдирет.

2010-жылы 1 жаштагы Асан аттуу кадимки дени сак бала (аты өзгөртүлдү) кырсыкка кабылып, башынан катуу жаракат алып, комага түшүп калган. Ал жергиликтүү ооруканага жеткирилген, дарыгерлер балага кан куюп, плазма куюшкан. Медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам, донордун канында ВИЧ-инфекциясы бар болуп чыккан. Натыйжада, дарыгерлердин катасынан улам ден-соолугу чың балага ВИЧ-инфекциясын жуккан.

2011-жылы Башкы прокуратура Асанга медициналык кызматкерлердин кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгынын натыйжасында ВИЧ-инфекциясын жуктургандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жыйынтыгында эки медициналык кызматкерге айып тагылып, иш сотко өткөн. Медицина кызматкерлери күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

2019-жылдын ноябрь айында Асандын апасы Майрам (аты өзгөртүлдү) жергиликтүү ооруканадан жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча юридикалык жардам сурап «Адилет» укуктук клиникасына кайрылган. Бир жылдан ашык убакытка созулган соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында республиканын соттору Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган жергиликтүү ооруканасынан Майрамдын пайдасына 2 миллион сом өндүрүп берүү чечимин кабыл алышты.

Бул сот чечими Кыргызстандын сот практикасы үчүн өтө маанилүү, анткени мындай ири өлчөмдөгү моралдык зыян мамлекеттик органдардан биринчи жолу өндүрүлүп алынды.

Учурда Майрамга жана анын уулуна акчаны төлөп берүү үчүн соттун чечимдерин аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: