Menu

Жайыл районунда мал уурулугуна шектүүлөр кармалышып, алар бир нече кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган

Бөлүшүү:

Жайыл районунда мал уурулугуна шектүүлөр кармалышып, алар бир нече кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 20-февраль күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын сарайынан эки баш малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилгнен материалдык чыгым 180 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикаксынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы мал уурулугуна шектелип, 21 жаштагы Д.Р. жана 20 жаштагы О.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин негизинде кармалган жарандар 2020-жылы Жайыл районунун аймагынан мал уурулугуна байланштуу үч фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 680 миң сомду түзгөн.

Белгилеп кетүүчү жагдай кармалгандардын бири О.А. буга чейин уурулук фактысына байланыштуу сот жообуна тартылып, шарттуу түрдө жазасын өтөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: