Ысык-Ата районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2020-жылдын декабрь айынын ортосунда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 46 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, Люксембург айылында жайгашкан үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, телевизор, ноутбук, телефон жана автоунаанын төрт дөңгөлөгү дисктери менен уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББдүн жаран Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы М.Т. жана 21 жаштагы К.Б. аттуулар кармалышкан.
Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ