Menu

Жапаровдун Орусиядагы сапарынын жүрүшүндө гранттык жардам берүү маселеси талкууланат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда биринчи чет элдик иш сапары менен Орусияга кетти.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Жапаров орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушат.

Президентти коштоп жүргөн расмий делегациянын курамына Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, 1-вице-премьер-министр Артем Новиков, вице-премьер-министр Улан Кармышаков жана башка өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бар.

Сапар алкагында Кыргызстанга берилчү вакцина, гранттык жардам жана жеңилдетилген 100 млн доллар насыяны алуу, отун-кубат, темир жол жана учак каттамдары боюнча сүйлөшүүлөр болору кабарланган.

Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп 10-январда шайланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: