Menu

Өзбек кримтөбөлү Гафур Рахимовдун жээни таякеси тарабынан сабалганын билдирди

Бөлүшүү:

Өткөн аптада өзбекстандык ишкер Гафур Рахимовдун жээни, «Золотой» каймана аты менен белгилүү 32 жаштагы Равшан Мухиддинов таякесинин тапшырмасы менен катуу сабалганын билдирип, соцтармактарга видеокайрылуу жайгаштырды. Мухиддинов анын сабалышын Дубайдагы туугандары көзөмөлдөгөнүн ишаара кылды.

Мухиддиновдун жакындары ал тууганы Гафур Рахимов экенин тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, Рахимов жээни Равшан Мухиддиновго кайрылып, мурдагы бизнес өнөктөшү Ойбек Миралимовдон 45 миллион АКШ доллар өндүрүп берүүнү сурап, акчанын бир бөлүгүн бөлүшүүгө убада кылган.

Равшан Мухиддинов Гафур Рахимов менен Ойбек Миралимовдун ортосундагы каржы маселесин иликтеп чыкканын, Миралимов күнөөсүз болгонун билдирген.

Бул окуядан кийин Гафур Рахимов жээнин каршы тарапка өтүп кетүүгө айыптап, аны сабоого буйрук бергени айтылууда.

«Элтуз» басылмасынын өз булактары билдиргендей, Равшан Мухиддинов 2019-жылы ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринде ур-токмокко алынган. Азербайжан жана казак тектүү «каралар» Равшандын колу-бутун байлап, катуу сабашкан.

Гафур Рахимов биринчи жолу Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине 2012-жылдын 23-февралында киргизилип, «Евразиядагы кылмыштуу синдикаттын» лидерлеринин бири катары таанылган. Документте Рахимов Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашкан өзбекстандык криминалдык лидер катары сыпатталат.

Рахимов ушул маселеден улам 2019-жылы Эл аралык бокс федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасыз болгон. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Санкция салынгандардын АКШдагы банк эсептери камакка алынып, америкалык жарандарга алар менен кызматташууга тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: