Menu

Фото – Президент Садыр Жапаров Москвада мекендештер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-февралда, Москва шаарында мекендештер жана Россия жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына Россия Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Россиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо ж.б. тууралуу айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында  өттү.

Президент Садыр Жапаров мекендештердин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо, акча которуунун жол-жоболору, мекендештерди колдоо чаралары, Аксакалдар Кеңеши институтун жандандыруу, мугалимдердин эмгек акысы, билим берүү чөйрөсүн өркүндөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, кадрларды тандоо жана башка маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: