Menu

Путин: Орус тилинин Кыргызстандагы макамы маанилүү

Бөлүшүү:

Москвага иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланып, Садыр Жапаров орус лидерине алгачкы иш сапары Москвадан башталып жатканына кубанычта экенин билдирди жана Путинди Кыргызстанга ырасмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Путин ага ыраазычылык билдирип:

«Биздин эки тараптуу кызматташтыктын дагы бир маанилүү өңүтүн баса белгилегим келет. Силердин өлкө орус тилинин макамын мамлекеттик тил катары сактап калганыңар биз үчүн да, силер үчүн да өтө маанилүү. Айрыкча, кыргызстандыктар үчүн Орусиядан иш табууга бул жакшы мүмкүнчүлүк болуп, кошумча сынактарга киришпейт. Айрыкча, сиздин бул маселеге карата мамилеңиз биз үчүн өтө маанилүү. Биз кыргызстандыктар орус тилин терең өздөштүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Буга байланыштуу атайын пландарыбыз бар», – деди.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары бүгүн 24-февралда башталды. Ал Орусиянын баш калаасында азыркы тапта Владимир Путин менен жолугуп жатат.

Андан соң Орусиянын өкмөт башчысы, парламент төрайымы жана төрагасы сыяктуу бир катар кызматкерлер менен жолугат.

Иш сапар 25-февралда аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: