Menu

Кыргызстанда дагы 66 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 3 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 66 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 27, Чүй облусунан – 24, Ош облусунан – 6, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 091 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 68 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 006 жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 19, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 24, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 2

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 2, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1463кө жеткен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: