Menu

Еревандын борборунда митингчилер бир нече көчөнү торошту

Бөлүшүү:

Ереванда 25-февраль күнү эртең менен демонстранттар шаардын бир нече борбордук көчөсүн тосуп, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылышты. Бул тууралуу «Эркин Европанын» армян кызматы билдирди.

«Мекенди коргоо кыймылынын» мүчөлөрү акция өтө турган жерди жана убакытты алдын ала маалымдашпайт.

Метро станцияларында нааразы топтор вагондордун босогосуна туруп алып, поезддердин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратышты. Мунун натыйжасында метрополитендин иши үзгүлтүккө учурады.

Шаардын ар кайсы райондорундагы акцияларды жергиликтүү ЖМКлар түз эфирде көрсөтүп жатышат.

Полиция бир нече көчөнү бошотту, кармалгандар бар.

Бул арада Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Тиран Хачатрян иштен алынганы маалым болду.

Арменияда өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган нааразылык акциялары бир нече күндөн бери өтүп жатат. Күн мурун Пашиняндын ондогон каршылаштары күзөтчүлөрдү түртүп, Ереван мамлекеттик университетине кирип барышкан. Алар окутуучуларды жана студенттерди жарандык баш ийбөөчүлүк акциясына кошулууга чакырышкан.

24-февралдагы акциялар учурунда жалпысынан 60тай киши кармалды. Оппозиция өкмөт башчы кызматтан кетпесе, күн сайын нааразылык жыйындары улана берерин билдирүүдө.

Армениядагы каршылык акциялары 2020-жылдын ноябрынан бери уланууда.

Буга Никол Пашиняндын Азербайжан менен ок атышпоо боюнча Орусия ортомчулук кылып кол койгон тынчтык келишими себеп болууда.

Үч миллион калкы бар Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабакка байланыштуу чыры 1990-жылдардан бери уланып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: