Бүгүн, 26-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 51 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 10, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 22, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 142 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 55 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 061ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 14, Чүй облусунан – 20, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 10, Баткен облусунан – 2
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1463кө жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ