Menu

Президент Садыр Жапаровдун «Российская газетага» көлөмдүү маеги жарыяланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Мамлекет башчысы катары Россия Федерациясына болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Президент Садыр Жапаровдун «Российская газетага» берген маеги:

Эркин котормо

— Президент мырза, Россияга иш сапарыңыз сиз Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин эле чет өлкөгө болгон биринчи иш сапарыңыз болуп калды. Мен билгенден Кыргызстанда деле, биздин өлкөдө деле меймандар куру кол келбейт…

— Мен Президент Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Кылыч Кыргызстандагы мыкты чеберлердин колунан чыккан.

— Владимир Путин менен болгон жолугушууда кандай маселелер талкууланды? Сүйлөшүүлөр мерчемделген убакыттан узак болгону белгилүү.

— Биз көп маселелер боюнча сүйлөштүк. Негизинен эки өлкө ортосундагы экономикалык пландагы, аскер жаатындагы кызматташуу жана өз ара аракеттешүүнүн башка багыттары боюнча сөз болду. Ошондой эле КОВИД-19 илдети боюнча сүйлөштүк. Россиялык кесиптештер бизге вакцина беришти, Кыргызстанга дагы кошумча вакцина берүүнү убада кылышты.

— Москвада Россиянын аймагындагы кыргызстандык эмгек мигранттары туурасында маселе талкууландыбы?

— Россиялык тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россиянын аймагындагы жалпы эмгек мигранттарыбызга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Биздин жарандардын Россияга барып иштеп келүүсүн жеңилдетүү маселелерине өзгөчө басым жасалды. Өзгөчө биздин өлкөлөрдүн ортосунда жумушчулардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн транспорттук байланыштарды толук кандуу калыбына келтирүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле расмий маалыматтар боюнча, Россияда 800 миңден ашуун кыргызстандыктар жүргөндүгүн эске алганда, алардын көпчүлүгү экономикалык жана социалдык жактан толугу менен орус коомуна интеграцияланган. Мен коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча орусиялык программаларга Россиядагы кыргыз эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн киргизүүнү же алардын акы төлөп эмдетүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндүм.

 

— Садыр Нургожоевич, сиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоолор менен бийликке келдиңиз. Акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун мындай «юридикалык эмес» механизми Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланды. Президент мырза, эмне үчүн мындай болуп жатат?

— Чындыгында эле, акыркы 30 жылда Кыргызстанда элдик толкундоолор менен бийлик үч жолу алмашты. Биздин мамлекет жаш мамлекеттин калыптануу учуруна мүнөздүү болгон оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөт, башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе.

Биз эми ушул мезгилден мамлекетибизди татыктуу алып чыгып, бирдиктүү эл катары учурду башыбыздан өткөрүшүбүз керек. Бизде көп учурда кайсы бир топтун же бир адамдын саясий же болбосо каржылык кызыкчылыктары элдин жалпы кызыкчылыгынан жогору турарын жашыра албайм. Коомдун өнүгүшү менен жарандарыбыз акырындап элдин биримдиги менен бөлүнбөстүгү, жалпы кызыкчылыктын жеке кызыкчылыктардан маанилүү экенин түшүнө башташты. Бул оңой жол эмес, бирок биз сөзсүз ушундай жалпы аң-сезимге жетебиз. Хадистердин биринде: «Билип койгула, маңдайыңа эмне жазылса ошону көрөсүң, эгерде маңдайыңа жазылбаса ал нерсе болбойт. Сабырсыз жеңиш жок экендигин, жоготуусуз табылга, кыйынчылыксыз жеңилдик болбостугун билип койгула» деп айтылган. Келечекте эмне болорун мен алдын ала биле албайм. Мен бир гана нерсени — көздөгөн максатына жете билген, эрки бекем, сабырдуу элибиз кандай гана сыноо болбосун жеңип чыгарын жакшы билем.

Ошол эле маалда Кыргызстандагы саясий окуялардын өзгөчөлүктөрүн экинчи жагынан карап көрсөк, өлкөнүн мурунку лидерлери элге бийлик алмашуусунун юридикалык механизмине мүмкүнчүлүк бербегенин көрөбүз: шайлоону терең бурмалоо, саясий куугунтук, коррупция, кландар. Ошентип эл мындай абийирсиз бийликти күч менен кулатууга аргасыз болушкан. Албетте, мен муну бийликти алмаштыруунун жакшы жолу деп айтпас элем, бирок мындай кырдаалдарда элде бийликтин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирүүнүн башка жолу болбойт.

Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан, биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт.

Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы туруксуздукту жаратып, чагымчылдык кылууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин.

Бирок тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган.

Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси.

 

— Январь айында сиз президенттик шайлоодо ишенимдүү түрдө жана атаандаштарыңыздан ири айырмачылык менен алдыга чыгып, жеңишке жеттиңиз. Социология сиздин негизги электоратыңыз — бул айыл тургундары  экенин ырастайт. Президент мырза, сиз аларга эмне убада бердиңиз жана берген убадаларыңызды кантип аткарасыз?

— Президенттик шайлоодо мени айыл тургундары эле эмес, шаардын жашоочулары да колдогонун белгилеп кетейин. Өлкөнүн бардык облустары менен шаарларында көпчүлүк добушка ээ болдум. Мисалы, Бишкекте мен үчүн борбордо экинчи орунду алган талапкерге караганда беш эсе көп шайлоочу добушун берди.

Биринчиден, шайлоочулар мени элден чыккан жөнөкөй адам катары жана коррупцияга белчесинен батып, өлкөдө көп жылдар бою үстөмдүк кылып келген элиталардын системасын буза турган, системадан тыш адам катары көрүп, колдошту деп ойлойм. Мындан тышкары, парламенттик система элдин үмүтүн актай алган жок, парламент өз бизнесин коргоо үчүн депутаттык статусту сатып алган олигархтардын чогулушуна айланып калды. Партия лидерлери мандат саткан соодагер болуп калышты. Коррупция бийликтин аткаруу жана сот бутактарын толугу менен бузуп бүттү. Өлкөнү саясий талаш-тартыштар, жаңжалдар бөлүп-жарды. Башкаруучу элита толугу менен башкарууга жөндөмсүздүгүн жана моралдык жактан деградацияга туш болгонун көрсөттү. Тилекке каршы, мындай иштердин жыйынтыгы жаман болуп, элдин үч ирет массалык нааразычылыкка чыгышына түрткү болду. Натыйжада бийлик үч жолу алмашты.

Эл сапаттуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Бардык убадаларды аткаруу үчүн күн сайын талыкпаган эмгек талап кылынат. Мен мындай ишке даярмын. Убадаларды аткаруунун алкагында учурда коррупцияга каршы күрөш кызуу жүрүп, премьер-министрлер баш болгон ири чиновниктер камалып жатканын белгилей кетейин. Ири уюшкан кылмыштуу топтордун бир нече лидерлери камакка алынды. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мамлекеттик органдар оптимизацияланууда. Саламаттыкты сактоо, жер казынасын пайдалануу, миграция, айыл чарба, инвестиция жана башка чөйрөлөрдө биринчи он Жарлык кабыл алынды. Мунун баары элдин турмушун жакшыртууга багытталган.

Албетте, кагаз баарына чыдайт. Каалаган Жарлыкты чыгара берсең болот. Бирок, жарлыктар кезектеги куру декларативдүү документ болуп калбашы үчүн, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүмө алам.

 

— Жалпыга маалымдоо каражаттары экономика тармагында сиздин кен иштетүү жаатында иш жүргүзүүгө, инновацияларга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, эмгек мигранттарынын укугун коргоого басым жасап жатканыңызды жазды. Сизден мурунку президенттер дагы келечектүү программаларды сунушташкан, бирок алар да Кыргызстанды революциялардан куткара алган жок. Сиздин көз карашыңыз боюнча, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн эмне кылуу керек?

— Ондогон жылдар бою өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча ар кандай аракеттер көрүлүп келгени белгилүү. Бирок ырааттуу, максаттуу мамлекеттик саясаттын жоктугунан улам бул тармак өнүгүп кете алган жок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тоо-кен тармагын реформалоо күн тартибинде турган, мамлекеттик саясаттын потенциалдуу артыкчылык берилген багыттарынын бири болуп калды. Ал үчүн өлкө калкынын колдоосу менен ата мекендик тоо-кен өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен ачык-айкын укуктук жөнгө салуу системасын түзүү, өлкөнүн минералдык жана чийки зат потенциалын ачуу, жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу жана башкалар боюнча бир катар чечкиндүү чараларды көрүү маанилүү деп эсептейм.

Мына ушуга байланыштуу менин кол койгон алгачкы Жарлыктарымдын бири «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлык болду. Аны ишке ашыруунун алкагында, атап айтканда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын системасын түзүүгө багытталган Тоо-кен кодекси иштелип чыгат.

Конституцияга ылайык, жер жана андагы кен байлыктар Кыргыз Республикасынын өзгөчө менчиги экендигин белгилей кетейин.

Ушуга байланыштуу, ири кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик маанидеги кендерди иштетүүнү уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен болгон улуттук тоо-кен компаниясына берилиши керек. Ал өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын экономикалык потенциалын жогорулатуу куралы катары кызмат кылат. Геология жаатындагы мамлекеттик ишканалардын базасында Улуттук тоо-кен компаниясын түзүү мерчемделүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин иштетилип жаткан кендерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия берилбеген кендер өткөрүлүп берилет. Бул жаңы аракеттер кен иштетүүгө лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучуларга тиешеси болбойт.

Ошондой эле, инвесторлордун инвестициясын коргоо жаатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө каражат салган инвесторлорго кепил боло турган мамлекеттин үлүшү каралат жана эл арасында тоо-кен иштетүү боюнча долбоорлордогу мамлекеттин үлүшү жөнүндө көп көтөрүлгөн суроолорго жооп болот.

Бул сөзсүз түрдө мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизет, ошондой эле жергиликтүү калктын тоо-кен компаниялары менен чыр-чатактарын азайтат.

Тоо-кен тармагындагы бул реформалардын бардыгы Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерине ишенем.

Инновация темасына токтоло турган болсок, реформалар салттуу түрдө экономиканын ири секторлорун колдоого, кымбат стратегиялык долбоорлорду ишке киргизүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө, борбор менен региондордун ортосундагы кирешелерди теңдөөгө жана социалдык чыңалууну азайтууга багытталгандыгын белгилейм.

Ошону менен бирге COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан глобалдык кризистин шартында мамлекет тарабынан ири каражаттар салынат деп күтпөстөн, жаңы инновациялык бизнес жана бүтүндөй бир индустрия үчүн натыйжалуу чөйрө түзүп бере турган жаңы чечимдерди издөө өзгөчө маанилүү.

Кыргыз Республикасында IT компанияларын колдоо иретинде мамлекеттин каржылык инвестициясын талап кылбаган, өтө натыйжалуу болгон «Жогорку технологиялар паркы» түзүлдү.

Мындан тышкары, бул багытта адам турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы технологиялардын жана ачылыштардын ролун жогорулатуу менен интеллектуалдык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө негизделген «креативдүү экономиканы» алга жылдыруунун чоң келечеги бар.

Биз потенциалдуу креативдүү индустрия чөйрөсүндө кол өнөрчүлүк, программалык камсыздоо жана эсептөө системасы, туризм, креатив мейкиндиктерин өнүктүрүү, архитектура жана башкаларды көрүп турабыз.

Бардык креативдүү тармактар боюнча мындай ыкманы киргизүү менен, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү, жумуш орундарынын көбөйүшү, көп киреше алып келген өнүмдөрдүн экспортунун көлөмү жана салык төлөмдөрүнүн жогорулашы гана эмес, Кыргыз Республикасынын креативдүү бизнес ачууга боло турган, карьералык өсүш жана инвестиция тартуучу өлкө катары эл аралык жагымдуулугун арттыруу күтүлүүдө. Кыргыз Республикасы башка өнүккөн өлкөлөр менен кошо 21-кылымдын эң жогорку өндүрүмдүү тармагы болгон креативдүү экономикага чоң маани берген өлкөлөрдүн катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан ыңгайлуу экосистеманы түзүү — бизнес кылууда жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу натыйжалуу механизмдердин бири болуп саналат.

Инновациялык мамиленин элементтеринин бири — мамлекеттик секторго санариптештирүүнү киргизүү. Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик куралдары коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат. Бирдиктүү санариптик экосистема тең укуктуу мамилени жана өлкөнүн ички экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Биз жакынкы мезгилде ишке ашырабыз деп пландап жаткан мамлекеттик реформалар дагы инновациялык мамилени талап кылат. Жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен сервистерди уюлдук телефон аркылуу ала алгыдай түзүүнү пландап жатабыз. Бул жарандарга облустук борборлорго барбай туруп эле, маселен, сертификат алууга же арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок эң негизгиси, биз буга өзгөчө басым жасоону пландап жатабыз. Санариптик реформалар импорттолуп жана экспорттолуп жаткан товарлардын көзөмөлүн камсыз кылат. Товарларга көзөмөл киргизүү, трансакциялардын ачык-айкындуулугу акыркы керектөөчүнүн укуктарынын корголушун жана сапаттуу товарларга, жумуштарга жана кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Товарларды көзөмөлгө алуу — «санариптик фискалдаштыруу» долбоорлорунун бири гана болуп саналат. Бүгүнкү күндө электрондук эсеп-фактуралар, патенттер жана полистер, виртуалдык көзөмөл-кассалар, май куюучу жайларда, чек ара аймактарында жүк ташуучу унааларга автоматташтырылган эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук форматка өткөрүү жигердүү ишке киргизилип жатат.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу, биринчи кезекте, бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга жана жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Алгачкы кол койгон Жарлыктарымдын бири «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» экенин кошумчалап кетким келет.

Кыргыз Республикасынын 832 миңден ашык жараны жакшы жумуш издеп чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Бул расмий маалыматтар боюнча гана. Көпчүлүк учурда жаш, эмгекке жарамдуу жана активдүү жарандар кетип жатышат. Алардын көпчүлүгү миграцияда жүргөн учурда тажрыйба топтошуп, алардын тажрыйбалары келечекте Кыргызстандын суроо-талаптарына жооп бериши мүмкүн.

Менин алдыга койгон маанилүү милдетим — бул биздин жарандарды өлкөгө кайтарып келип, аларга өз Мекенинде иштөөгө шарттарды түзүп берүү. Бирок, дагы бир жолу кайталап кетейин, бул көйгөйдү бир күндө чечип коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан, биринчи кезекте, иш менен камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндөгү бүтүндөй мамлекеттик саясатты белгилөө керек деп эсептейм. Бул стратегиялык багыт.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү сценарийлерине, квалификациялуу адистерге жана жумушчу кадрларга болгон талапка жараша, ички эмгек рыногунда жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүүгө багытталган бирдиктүү комплекстүү механизмди түзүү зарыл.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын калктын агымы башка жактарга караганда көп болгон аймактарында жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор артыкчылыктуу түрдө жүзөгө ашырылат.

Муну менен катар эле эмгек мигранттары үчүн тышкы рыноктордо да татыктуу эмгек шарттарын табуу боюнча иштер жүргүзүлүшү керек. Мындан сырткары, кыргызстандыктар үчүн Европа Бирлигинин жана АКШнын, араб өлкөлөрүнүн жана Азия өлкөлөрүнүн эмгек рыноктору жеткиликтүү болушу үчүн тышкы эмгек рынокторун диверсификациялоо милдети турат.

Азыркы заманбап технологиялар аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин жарандар Кыргызстандын аймагында туруп, өз кызматтарын башка өлкөлөргө көрсөтө алышат. Кыргызстанда IT тармагы жигердүү өнүгүп жатат. Биздин программисттер бул жаатта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп жатышат. Аларга Россияда, Европа өлкөлөрүндө жана Америкада суроо-талап күч.

Кийинки милдет Кыргыз Республикасына кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз Мекенине кайтып келгенден кийин, жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек.

Буга байланыштуу, иштеп тапкан капиталын узак мөөнөттүү инвестицияга жана аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, мекендештерди жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынат.

Программада  эмгек мигранттарынын, мекендештердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн топтогон каражаттарынын белгилүү бир бөлүгүн бизнес ачууга/өнүктүрүүгө же «мигранттар үчүн „1+1“ схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө» жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекеттик колдоо инструменттерин түзүү каралган.

Жана албетте, чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет.

Коррупцияга каршы күрөшүү туурасында айтсак, биринчи кезекте, ага саясий эрк керек. Бардык деңгээлдеги жетекчилер бул күрөштө «өзүбүздүкү же бирөөнүкү» деген түшүнүктөрдү унутушу зарыл. Коррупцияга белчесинен баткан адам тууганчылык же достук мамилелерге, ээлеген кызматына жана статусуна карабастан, жоопко тартылышы керек.

Коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат жана эч нерсеге карабастан дагы да күчөтүлөт.

Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы эл аралык «Transparency International» рейтингиндеги позициясын жакшыртып келе жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Учурда бардык багыттарда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча катаал чаралар көрүлүп жатат. Дээрлик күн сайын укук коргоо органдары коррупциялык кылмыш кылган кызматкерлердин жүзүн ачып, кармоодо. Алардын арасында мамлекеттик органдардын катардагы кызматкерлеринен тарта жогорку кызматтагы чиновниктерге чейин бар.

Акыркы төрт айда эле биз мамлекеттик бюджетке 4 миллиард сомдон ашуун каражат кайтардык. Муну менен биз коррупцияга каршы күрөш курулай сөз гана болбостон, чыныгы иш-аракеттер болуп жатканын далилдеп жатабыз.

Ошол эле учурда, биринчи кезекте, комплекстүү мамиле жасалышы керек деп эсептейм. Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн жазалоо тажрыйбасы гана эмес, натыйжалуу алдын алуу чараларын да киргизүү керек. Мындай чара буга чейин коррупциялык кылмыштарды жасаган чиновниктерди жазалоого гана эмес, коррупциянын пайда болуш себептерин жана шарттарын жоюуга да мүмкүнчүлүк берет.

— Кыргызстанда мамлекет башчысын шайлоо менен катар эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Өлкөнүн жарандары президенттик башкаруу формасын колдоп беришти. Бул реформалардын мааниси эмнеде, эмне үчүн парламентти айрым ыйгарым укуктарынан ажыратуу зарылчылыгы келип чыкты?

— Жүргүзүлүп жаткан реформалардын мааниси бардык маселелер боюнча жоопкерчиликтин так аныкталышында. Элибиз жоопкерчиликсиз бийликтен тажады. Учурдагы Конституцияга ылайык, Президент маселелерди чечүү жана жоопкерчиликти алуу ыйгарым укуктарынан ажыратылган, ал эми Жогорку Кеңешке мындай ыйгарым укуктар берилген эмес. Президент институту жана парламент — мамлекеттик башкаруу системасындагы эки маанилүү өкүлчүлүк институту болуп саналат. Ошол эле учурда, эл өзүнүн ийгиликтерин жана көйгөйлөрүн Президенттен деп эсептей берет. Парламенттик башкаруу формасын сактап калуу үчүн дагы деле болсо өлкөдө жетиштүү күчтөр жана көз-караштар бар болгондуктан, бул боюнча мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо зарыл болчу. Буга байланыштуу 2021-жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болуп өттү. Өлкөнүн жарандарына мындан ары кандай формадагы республикада жашоону тандоо сунушталды: президенттик, парламенттик же экөөнө тең каршы.

Эл башкаруунун президенттик формасын тандап, шайлоочулардын 80%дан ашыгы ушул башкаруу формасына добуш беришти.

Бул көрсөткүч жарандардын өз ыктыяры жана эрки менен башкаруу формасын тандап алганын далилдейт. Бул президенттик башкаруу формасынан элдин күткөн үмүтү абдан чоң экендигин көрсөтөт.

Экинчиден, азыркы этапта парламентти айрым ыйгарым укуктарынан ажыратып койду деп айтууга али эрте. Мында Президенттин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Парламент бийлик бутактарынын бири бойдон кала берет. Мыйзам чыгаруу органы катары Парламенттин негизги функциялары калат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы долбоорун Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, парламенттин кароосуна жиберди.

Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталат. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо маселелери Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашат. Республикалык бюджетти бекитүү, Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, ошондой эле Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо жана бошотуу маселелери, Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун судьяларынын ичинен төрагаларды дайындоого жана бошотууга макулдук берүү жана башкалар парламентке тиешелүү болот.

Сиздер көрүп тургандай, парламенттин ыйгарым укуктарынын көбү сакталып калган. Балким, чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик балансы Премьер-министр менен Өкмөттөн Президентке өткөн.

Акыркы өткөн референдумдун жыйынтыгында келип чыккан жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат. Өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасары күтүлүүдө.

— Россия сиздин улуттун кызыкчылыгын көздөгөн лидер катары кадыр-баркка ээ болгонуңузга карабастан, премьердин милдетин аткарууга бир убакта орус талапкерди дайындаганыңызга, өлкөгө Москвадан орус тили мугалимдерин жиберүүсүн суранып, орус тилинин расмий тил статусун сактап калууну жактап жатканыңызга көңүл бурду. Сиздин жубайыңыз орус тилин билеби жана үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?

— Баарынан мурда, мен төмөндөгүлөргө токтоло кетейин. Сиздер билгендей, Кыргызстан өлкө Конституциясында жана мыйзамдарында орус тилинин статусун расмий бекиткен мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бир нече өлкөлөрдүн бири. Орус тили Кыргызстандын жашоо-турмушунун бардык тармактарында, медиа чөйрөсүндө, билим берүү системасында, саламаттыкты сактоодо жана өлкөнүн маданий турмушунда колдонулат. Кыргызстан үчүн орус тили, биринчи кезекте, орус маданиятынын казынасына, Россиянын илимий-техникалык жетишкендиктерине жетүүнүн ачкычы, ошондой эле улуттар аралык баарлашуу жана биздин өлкөлөр менен элдерибиздин маданияты, тарыхы, каада-салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы орус тилин үйрөнүүгө багытталган маданий-гуманитардык кызматташуунун алкагында, мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун окутуучулары үчүн маалымат технологияларын колдонуп стажировкаларды уюштуруу, Кыргыз Республикасында эл аралык агартуучулук экспедицияларын өткөрүү жолу менен, орус маданияты, адабияты жана Россиянын билим берүүсү менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн орус классикалык адабиятынын окурмандарынын эл аралык сынактарына катышуу боюнча долбоорлор бар. Ош шаарында М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселеси ж. б. иш-чаралар каралууда.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Россиянын педагогикалык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ишке ашыруу боюнча гуманитардык долбоор ишке ашырылууда. 2020-2021-окуу жылына карата ушул гуманитардык долбоордун алкагында Россиядан келген 30 мугалим Ош шаарынын билим берүү уюмдарында иштеп жатышат.

Учурда, жооптуу мекемелер тарабынан Россиядан өлкөнүн аймактарына жибериле турган педагогдордун санын көбөйтүү маселеси каралууда.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы биздин мамлекетте орус тилин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулгандыгын тастыктайт.

Ушул өңүттөн алганда, Кыргызстан биздин мамлекетте туруктуу жашаган орус тилдүү калктын руханий жана социалдык муктаждыктарын толук канааттандырышы үчүн, орус тилинин статусун сактап калуу багытын уланта берет деп ишендиргим келет.

Эгерде менин жубайым жөнүндө айта турган болсок, ал биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле, орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз.

— Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?

— 2016-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытай тарапка көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин, 30 жашында, 60-жылдары атам ата-бабаларыбызын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген.

Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп келген аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан, атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыздар жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин өзгөчө белгилегим келет.

— Сиз «Саясаттагы 10 жыл» китебин жаздыңыз. Жаңы саясий тажрыйбаны эске алып, ушул китепте бир нерсени өзгөрткүңүз келеби?

— «Саясаттагы 10 жыл» китебин 2014-жылы Польшада жүргөндө жазгам. 2017-жылы Мекениме кайтып келгенден кийин, мени саясий себептер менен түрмөгө камашты. Ошол учурдан баштап мен бул китептин уландысын жаза баштадым. Ошондон бери көптөгөн саясий окуялар болуп өткөндүгү талашсыз, алар жаңы китепте чагылдырылат.

Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп, сөзсүз бүтүрөм.

— Сиз кыргыз паспортуна «улуту» графасын кайтардыңыз. Эмне үчүн?

— Белгилүү болгондой, 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандарына жаңы паспорттор берилип, анда айрым маалыматтар, анын ичинде улуту чипке салынган, башкача айтканда, жашырылган.

2020-жылдын 14-октябрында, Премьер-министр катары, маалымат жыйынында мен жарандардын каалоосу боюнча, жаңы паспортторго «улуту» деген жаңы графаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн жарыяладым.

Муну жеке мен гана чечкен жокмун. Муну тастыктоо иретинде бир катар жарандардын Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жаңы биометрикалык паспорттордо жарандардын улуту жөнүндө маалыматтын ачык жазылбагандыгы боюнча кайрылуу жолдошконун айта кетейин.

Биздин Конституцияга ылайык, өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн улутун эркин көрсөтүүгө укуктуу.

Ошондуктан, Палата улуту жөнүндө маалыматтар электрондук чипке гана киргизилгенин жана паспортто текст түрүндө көрсөтүлбөгөнүн Конституцияга каршы келген ченем катары тааныды.

Конституциялык палатанын чечимин аткаруу максатында, 2020-жылдын 14-декабрында Өкмөт республиканын жарандарына ID-паспорттордо улутун көрсөтүү укугун берген токтом кабыл алды. Ошентип, 2020-жылдын 16-декабрынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары жаңы биометрикалык ID-паспорттордо улутун көрсөтүүгө укуктуу.

Эми, ар бир жаран, паспорт алганда, кааласа, өзүнүн улутун көрсөтсө болот же көрсөтпөсө деле болот.

Улуту менен сыймыктанган жана адам үчүн эң башкы документ — паспортто улутун ачык көрсөткүсү келгендердин конституциялык укугун коргодук деп айтсак болот.

— Кыргызстандын туризм тармагы жетиштүү деңгээлде бааланбай калган, анын ичинде Россия тарабынан дагы. Туристтерди тартуу үчүн Кыргызстан эмне кылышы керек?

— Кыргызстанда эс алуу жана туризм мүмкүнчүлүгү россиялыктар үчүн жаңылык эмес, анткени Совет доорунда Кыргыз ССРинде велоспорт, аскага чыгуу, альпинизм жана алыска жөө саякаттоо абдан белгилүү жана популярдуу болгон.

Советтик саякатчылар биздин өлкөнү өздөрүнүн тоо маршруттарына киргизген.  Мисалы, алдыңкы советтик «Турист» туристтик журналы Кыргыз ССРинин туристтик маршруттары жөнүндө көптөгөн макалаларды жарыялаган.

Мындан тышкары, Совет мезгилинде жыл сайын космонавттарды калыбына келтирүү, дарылоо жана эс алуу үчүн Ысык-Көлдүн жээгине жөнөтүп турушкан. Бул Ысык-Көлдүн кайталангыс  жаратылыш климаты жана ден-соолукту калыбына келтирүү үчүн дээрлик идеалдуу шарттары бар экендигин айгинелейт.

Эң бийик тоо чокуларынын жана түшүмдүү өрөөндөрдүн сакталып калган жаратылышы жана таза экологиясы туристтер үчүн Кыргызстандын визиттик карточкасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө туристтердин олуттуу бөлүгүн кыргыз элинин улуттук маданиятынын, тарыхынын жана искусствосунун өзгөчөлүктөрү — дүйнөдөгү эң ири «Манас» эпосу, Улуу Жибек Жолу, элдик кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрү, башкаларга окшобогондугу жана боз үйдүн оргиналдуулугу, мүнүшкөрлүк, «Көк-Бөрү» ат оюну, көрүнүктүү дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, бүткүл дүйнөгө белгилүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле тарыхый эстеликтер «Бурана» мунарасы, «Манас-Ордо» комплекси, «Сулайман-Тоо», «Таш-Рабат», «Өзгөн» тарыхый-маданий комплекси жана башкалар кызыктырат.

Белгилей кетүүчү нерсе, республиканын Евразия экономикалык бирлигине кириши өлкөнү россиялык туристтерге жакындатты.

Акыркы жылдары Россиядан биздин өлкөгө келген туристтердин саны өсүүдө. Баарына белгилүү болгондой, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнөлүк туризм тармагы оор жоготууларга учурады. Кыргызстан дагы алардан сыртта калган жок. Өлкөлөр ортосундагы чектөө иш-чараларынан улам, биз туристтерди кабыл ала алган жокпуз.

Буга карабастан, биз туризм тармагынын келечегине оптимисттик көз караштабыз жана бул тармакты өнүктүрүүгө жана туристтер үчүн шарттарды жакшыртууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүдө өзгөчө роль адам факторуна, тактап айтканда, өлкөнүн карапайым тургундарына жүктөлөт. Кыргыз эли меймандос келет. Адамдар менен баарлашууга ачык жана сабырдуулук сапаттарына ээ. Элдин бул сапаттары чет өлкөлөрдө да белгилүү. Биздин элдин мындай мыкты сапаттары Кыргызстандын эң сонун туристтик имиджин жаратат.

Кыргызстан коронавирус пандемиясына байланыштуу азыркы учурдун шартында рекреакциялык туризмди уюштуруу боюнча чоң артыкчылыктарга ээ. Россиядан келген туристтер дагы ар түрдүү элдик дарылоо ыкмаларын колдонуу менен Ысык-Көлдө убакыт өткөрүп, эс алуунун рекреакциялык түрүн тандашат. Ошондой эле Улуу Жибек Жолу аркылуу  ыйык жайларга барышат.

Алдыдагы туристтик сезонго карата биздин санаторийлер жана пансионаттар ишин кайрадан жандантып, чет элдик туристтер үчүн эң ыңгайлуу шарттарды даярдашат.

— Кыргызстанга келген туристтерге кайсы улуттук сувенирлерди алууга кеңеш берет элеңиз? Кайсы улуттук тамактарды сунуштайт элеңиз? Үй-бүлөңүздө улуттук тамактар жасалып турабы?

— Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштырылгыс материал болгон. Ошондуктан, мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайт элем. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу.

Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен, мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу «Таш-Кордо» тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайт элем. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп, от жагылат. Отундун чогу калганда, жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат.

Албетте, улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо, биздин айтылуу «Бешбармак» жөнүндө сөз кылбай коё албайбыз. Ал өлкөбүздүн дээрлик бардык үй-бүлөлөрүндө жасалат. Менин үй-бүлөм дагы бул тамакты абдан жакшы көрөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: