Menu

Өзбекстанда буга чейин белгисиз болгон динозавр түрүнүн калдыктары табылды

Бөлүшүү:

Вашингтондогу Смитсоновский институтунун палеонтологу Ханс-Дитер Сьюз менен Орусиянын илимдер академиясынын мүчөсү Александр Авертянов жакында эле Өзбекстанда калдыктары табылган динозаврларды Dzharatitanis kingi (кыскача D. kingi) деп аташты.

Dzharatitanis сөзү динозаврлардын сөөктөрү табылган Кызылкум чөлүндөгү Жаракудук районунун аталышынан, экинчи сөзү изилдөө иштерине жардам берген маркум окумуштуу Кристофер Кингдин ысымынан келип чыккан.

2016-жылы Сьюз, Стивен Брюсатти, Эми Мюира жана Ен Б. Батлер Өзбекстандын аймагында табылган башка динозаврды Timurlengia (Амир Темур) деп аташкан.

Окумуштуулардын пикиринде, Өзбекстанда табылган динозаврлар чөп-чар менен тамактанган зауропод түркүмүнө кирет.

D. kingi омурткалуу зауроподдордун өзгөчө тиби – rebbachisaurid болуп эсептелет. Буга чейин бул топтун өкүлдөрү Түндүк Африканын, Европанын жана Американын айрым аймактарында гана кездешкен.

Өзбекстанда байырлаган бул динозврлардын бою эки кабат автобустун бийиктигине жеткен. Окумуштуу Сьюздун айтымында, 90-100 миллион жыл мурда жашаган бул динозаврлардын узундугу 15-20 метрди түзгөн болушу мүмкүн.

Башка зауроподдор сыяктуу эле D. Kingi динозаврынын да моюну менен куйругу узун, башы анча чоң эмес болгон. Окумуштуулар динозаврдын куйрук жагындагы сөөгүн гана тапкандыктан, анын канча жашта болгонун жана качан өлгөнүн так айта алышкан эмес.

«Биз дайыма жаңы динозаврларды таап келебиз. Бирок буга чейин бул динозаврлардын тобундагы жандыктардын Борбор Азияда жашаганы боюнча далилдер жок болчу», — деди Лондондогу Табигый тарых музейинин өкүлү Пол Барретт.

Окумуштуулар D. Kingi Борбор Азияга ошол кезде Европа менен Азияны бириктирип турган кургактык аркылуу келген болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: