Menu

Иранда окуп келген тажикстандык студенттер суракка алынып жатканы кабарланууда

Бөлүшүү:

Иранда жашаган тажик студенттери өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылып, тажик тарап менен жолугушуу учурунда Ирандан окуп келген студенттердин кармалышы жана суракка алынышы боюнча маселени көтөрүүнү сурашкан.

Алардын айтымында, Ирандан окуп келген 50дөн ашуун студент өз мекенинде кармалып, суракка алынып, айрымдары түрмөгө камалган.

Ирандын ички иштер министри Абдуризо Рахмонии Фазли Тажикстанга барып, өлкөнүн жогорку кызматтагы жетекчилери менен жолугуп келди. Бирок тажик студенттеринин маселеси талкууга алынган-алынбаганы белгисиз.

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын «Тасним» агенттигинин билдиришинче, тажик бийлиги Иранда окуган студенттерин экстремизмге, терроризмге жана Ирандын пайдасына тыңчылык кылууга айыптоодо.

Маалыматка караганда, бардык студенттер иран университеттеринде мыйзамдын негизинде окушкан. Студенттердин соту жабык өткөн жана алар 6 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Тажик-иран мамилеси 2015-жылы декабрдан бери кескин солгундап кеткен. Анда Тегеран эл аралык конференцияга Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабирини чакырган. Иш-чаранын алкагында ал Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи менен жолуккан. Бул окуядан кийин Тажикстан дароо эле Ирандан айрым товарларды экспорттоого тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: