Menu

Нур-Султан менен Бээжин Шинжаңдагы казактардын маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

25-февралда казакстандык дипломаттар кытайлык кесиптештери менен Шинжаңда калган казактардын маселесин онлайн режимде талкуулашты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «казак улутундагы эки өлкө жарандарынан турган үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирүү» жөнүндө сөз болду.

«Консулдук кызматтардын өкүлдөрү консулдук-укуктук тармактагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери, эки өлкөнүн жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо тууралуу сүйлөштү», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Азырынча кытай тарап чек ара бөлүп турган казак үй-бүлөлөрдү бириктирүү маселесине кандай реакция кылганы белгисиз.

Казакстанга туруктуу жашоо үчүн келген жүздөгөн казак төрт жылдан бери Кытайдын Шинжаң аймагында калган туугандары менен байланыша албай жатышканын айтып келишет. Алардын айтымында, Кытайдагы жакындары абакта же үй камагында кармалып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынып, куугунтукка кабылууда.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында үч жумадан бери Кытайда кармалган туугандары тууралуу маалымат берүүнү талап кылган шинжаңдык казактардын акциялары өтүп жатат. Алар негизсиз айыптар менен камакка алынган жана «кайра тарбиялоо лагерлериндеги» жакындары бошотулушу керек деп эсептешүүдө. Мындай акция Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында бүгүн да өтүп жатат.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын «лагерлерде» негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: