Menu

Мангыстау облусунда жаңы ири мунай кени ачылды

Бөлүшүү:

Казакстандын Мангыстау облусунда ири мунай кени ачылды. Бул тууралуу 25-февралда казак басылмалары жергиликтүү бийликке шилтеме жасоо менен билдиришти.

Жаңы кен Мангыстоо менен Бейнеу райондору чектешкен Тепке тилкесинде жайгашкан. Анын жанында Каракудук, Арыстан жана Комсомольское кендери бар. Расмий маалымат боюнча кенди «Меридиан Петролеум» компаниясы иштетет.

Иликтөөлөргө ылайык, кенде жеңил, күкүртү аз мунай бар, ал стандарттуу жол менен казылып алынат. Көмүрсуутек корунун көлөмү курулуш иштери аяктагандан кийин аныкталат.

Маалыматтарга караганда, Казакстан мунайынын 25 пайызы Мангыстау облусунда өндүрүлөт. Басымдуу бөлүгү Жаңы-Өзөн шаары менен Бозашы жарым аралында жайгашкан. Облус аймагында 60тай мунай жана газ кени бар.

Казакстан экономикасынын 85 пайызы чийкизат экспортуна көз каранды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: