Menu

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Түркияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров түрк тарапка 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Түркияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Садыр Жапаров дагы Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: