Menu

Сания Токтогазиева, саясат таануучу: “Мени өзүн Бишкек ШИИБдин опер кызматкери деп тааныштырган адам издеп келди”

Бөлүшүү:

Юрист, саясат таануучу Сания Токтогазиеваны өзүн Бишкек ШИИБдин кызматкери деп тааныштырган адам издеген. Бул тууралуу Сания Токтогазиева өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Башталды! Кээ бир таң калыштуу адамдар өздөрүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырышып, мени издеп жатышат. Менин күйөөмө өзүн Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам чалып, Бишкек ШИИБнин улук оперативдүү кызматкери, милициянын майору экенин айтат. Ошол учурда, ал менин жолдошума чалганын билбесе керек (менин жолдошум подъездин чоңу). Ал Сания Токтогазиеваны издеп жаткандыгын айтып, менин кайсы батирде жашаганымды сурап, бир сааттын ичинде келерин айтып, күйөөм эч кимге эч нерсе айтпашын талап кылат.

Андан кийин ал келет, менин жолдошум бардыгын видеого тартып алган, жолугушууда Качкынбаев бир нерседен шек санап, таптакыр башкача сүйлөп, сакалчан эки кызды издеп жатканын айтып, таптакыр башка жомок ойлоп тапкан. Күйөөм “Сания Токтогазиеваны издеп жатпадың беле” десе, Качкынбаев жок деп жооп берген. Жолдошум андан документтерин көрсөтүүнү талап кылганда, ал башы маң болуп, качып кеткен. Менде баардык сүйлөшүүлөрдүн толук видеосу жана аудиосу бар”, – деп жазган Токтогазиева.

Ошондой эле, бул боюнча ал милицияга арыз жазганын кошумчалаган.

Сания Токтогазиева: Меня искал мужчина, представившийся оперативником ГУВД Бишкека

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: