Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын иши катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, комиссиянын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровго карата бир топ сындар айтылып жатат.
“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады.
Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин: «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду», – деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду”, – де жазган өлкө башчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ