Menu

Фото – Украиналык теле алып баруучу менен казак ишкери Мальдив аралында баш кошушту

Бөлүшүү:

“Без галстука” автордук шоусунун аркасынан белгилүү болгон украиналык теле алып баруучу Иванна Онуфричук Мальдив аралында Алмаз аттуу казак ишкерине турмушка чыкты. Бул тууралуу Tengrinews.kz украиналык “Страна” басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ишкер ливандык дизайнер Джордж Хобейктин үлпөт көйнөгүн кошкондо, колуктусунун “бардык каалоолорун” аткарган.

“Үлпөт тою Воава аралында өткөн. Воава аралы жалпысынан 22 кишини батыра алат жана бир суткага 40 миң доллардан өйдө акча төлөнөт. Белгилүү ырчылар Дан Балан, Дима Монатик жана анын шакирттери Lida Lee жана Nino кеченин коноктору үчүн ырдап беришти.

Ошондой эле үйлөнүү тоюнда Амадор Лопес RUMBERO тобу менен бирге ырдады. Тойду шоумен Александр Белов жана теле алып баруучу Екатерина Варнава алып барышты.

Жайында жубайлар Украинада үйлөнүү тоюн өткөрүүнү пландап жатышат. Теле алып баруучунун күйөөсү Швейцарияда жашагандыктан, жубайлар эки мамлекетте жашашат.

Теле алып баруучу Онуфричук болочок жолдошу менен Испанияда таанышкан. Ушундан кийин экөө көп убакыт  телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн. Алар болжол менен бир жыл мурун мамиле куруп, жолугуп башташкан. Бир нече ай мурун ишкер сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун берген.

Булак: “Tengrinews.kz”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: