Menu

Президенттин Аппаратында Президенттин “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде прокуратура органдарына жана айрым укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери каралды.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана каралып жаткан структураларга жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жүрүп жаткан сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик кадр саясатын мындан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды жогорулатуу менен катар мамлекеттик кызматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесиптик резервин түзүү боюнча мекемелердин өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары угулду.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: