Menu

Видео – $150 миң пара талап кылды деп кармалган Нургазы Анаркуловдун сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу тарады

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда буга чейин УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен кармалган Президенттин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловдун сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу жарыяланды.

Аудиожазууда бир гана Нургазы Анаркуловдун айткан сөздөрүн угууга болот, ал эми экинчи адамдын сүйлөгөнү кесилип алынган.

«Канча бересиз? Канча бере аласыз? Эркекче сүйлөшөлү. Канча беришти мен чечем. Себеби ал “акча керек” деди. Менин жарлыгым эки күндөн кийин чыккан жатат. Алар буга чейин келип, Садыр Нургожоевич менен сүйлөшүшөт да. Ал мени менен сүйлөшпөйт да. Жанагы Үсөн 150 миң доллар берген. Анын ичинен 23 миң долларын Кубат Болотканов алган. Калган 15 кишинин ар бирине 3000 доллардан берген” – дейт ал.

Белгилей кетсек, 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: