Бүгүн, 1-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 22 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 9, Чүй облусунан – 4, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 251 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 31 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 210го жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 14, Чүй облусунан – 14, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1466га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ