Menu

Казакстандын бир нече шаарында реформаларды талап кылган митингдер өттү

Бөлүшүү:

28-февралда Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Чымкент жана Орол шаарларында реформаларды жана саясий туткундарды бошотууну талап кылган митингдер өттү.

Алматыда «Демократиялык партия» түзүү боюнча демилгелүү топ тарапташтарын чогулткан Балбан Шолак сарайынын алдында полиция 20га жакын кишини курчап алды. Аймак автобустар менен тосулуп, журналисттер ал жерге жакын бара алышкан жок.

Бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов тарапташтарын чогулууга чакырган Алматыдагы Маданият жана эс алуу борбордук паркы «санитардык күн» деген түшүндүрмө менен жабык турду. Полиция сейил бакка жакын барган акция катышуучуларын кармап кетип жатты.

Нур-Султанда полиция кызматкерлери бир жыл мурда тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон активист Дулат Агадилди эскерүү митингинин катышуучуларын үч сааттан ашык курчап турушту.

Өлкөнүн башка шаарларында укук коргоо органдары активисттердин көбүн акцияларга чейин кармап, митингдердин айрым катышуучулары полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Жарандарды 28-февралда митингдерге чыгууга 4-февралда абактан чыккан активист Макс Бокаев чакырган. Андан соң мындай демилге менен башка оппозициялык топтор, анын ичинде активист Жанболат Мамаев баштаган «Демократиялык партия» түзүү боюнча демилгелүү топ жана чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы да чыгышкан.

Казакстандагы жарандык активисттердин абалына көз салуу менен алектенген укук коргоочу Бахытжан Торегожинанын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата 29 активист тергөө абагында же үй камагында отурат. Мындан тышкары жалпысынан 250дөн ашык активист түрдүү кылмыш иштеринде ар кайсы макамда фигурант катары өтүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: