Menu

Видео – Ысык-Көлдө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Бөлүшүү:

КР ИИМдин, Ысык-Көл облусунун Тоӊ РИИБдин жана Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорунун милициясынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин өз ара биргелешип жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Кара-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну, мурда каракчылык менен соттолуп келген К.А. жана Талас облусунун Кызыл-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Т.М. турган, мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун басма сөз кызматы билдирди.

КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Тоӊ РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кармалган кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, үстүбүздөгү жылдын январь айынан февраль айына чейинки аралыкта райондун аймагындамал уурулуктун 9 учурун жасашып, мал ээлеринен 9 баш ири-мүйүздүү малдарды жана 2 койду уурдашкандыгын аныкталган. Келтирилген чыгым болжол менен 350 сомду түздү.

Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусунан уурдашкан малдарды Чүй облусунда, ал эми Чүй облусунун аймагында уурдаган малдарды Ысык-Көл облусунда сатып жүрүшкөнү айгиленди.

Тоӊ районунан уурдалып, Чүй облусунун аймагында табылган малдар далил зат катары алынып, тийиштүү процессуалдык тергөө иштери жүргүзүлгөндөнкийин ээлерине кайтарылып берилди.

Чүй райондук сотунун чечими менен мал уурулукка шектелип кармалган жарандарга карата камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында башка мал уурулуктарга катыштыгы бар, же жоктугун аныктоо максатында ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: