Сокулук районунун спорт залынан 9-класстын окуучусунун асынып өлгөн денеси табылган. Бул маалымат боюнча Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, 23-феврал күнү Сокулук РИИБнө 14 жаштагы Б.В. асынган денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Сокулук РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгышкан, андан кийин анын денесинде аркан изинен башка бөтөн издерди табышкан эмес.
Аталган факт КЖБР катталып, экспертиза дайындалды. Бардык жагдайлар такталып жатат. Азыр тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ