Menu

УКМК: Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата бир нече сот чечимдери чыккан

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата бир нече сот чечимдери чыккан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2012-2016-жылдар аралыгындагы бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге жана башка адамдарга карата автобустарды жана таштанды ташуучу унааларды алуудагы коррупция фактысы боюнча соттолушкан, ал эми экинчиси мамлекетке 1,6 млн. АКШ долларынан ашык өлчөмдө келтирилген зыяндын ордун толтурган.

Бирок үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Н.Түлеевге карата бардык айыптоолорду жокко чыгарып, кылмыш ишин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жаңы кароого жиберген.

КР УКМК коомчулуктун көңүлүн Н.Түлеевге карата Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде коррупция фактысы боюнча сот органдарынын чечимине буруу керек деп эсептейт.

КР УКМК мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген ушул категориядагы учурларда жазанын сөзсүз боло тургандыгы принцибин сактоо зарылдыгын белгилейт жана бул багытта Мамлекеттик комитеттин иши туруктуу негизде улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: