Menu

ILGA-Europe: Тажикстандагы ЛГБТ-коомчулугунун ондогон өкүлү жардам сурап кайрылды

Бөлүшүү:

Өткөн жылы коронавирус пандемиясы Тажикстандагы ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүнө олуттуу таасир этип, алардын 24 өкүлү «гуманитардык жардам жана тамак-аш» сурак кайрылышкан.

Бул тууралуу Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү 600дөн ашык уюмдун башын бириктирген ILGA-Europe ассоциациясынын баяндамасында жазылган. Уюм БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинде консультациялык макамга жана Европа кеңешинде мүчөлүк статуска ээ.

ILGA-Europe жыл сайын Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ЛГБТ өкүлдөрүнүн абалы тууралуу баяндамасын жарыялайт. Анын түзүүчүлөрү медицинага жана башка кызматтарга жетүү мүмкүндүгү, жек көрүүгө байланыштуу жасалган кылмыштардын саны, гендерди юридикалык жактан таануу тууралуу мыйзамдар, интерсекс-балдарга операция жасатуу учурлары жана укук коргоочулардын коопсуз иштеши өңдүү көрсөткүчтөрдүн негизинде адам укуктарынын сакталышына баа беришет.

2017-жылы Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы ЛГБТ коомчулугунун 380 өкүлүнүн тизмесин түзгөн. Анда 319 кумса жана 49 лесбиян бар экени кабарланган.

ILGA-Europe баяндамасынын авторлору 2020-жылы Орусиянын Транспорт полициясынын кызматкери тажикстандык сексуалдык азчылык өкүлүнүн учакка отуруусуна уруксат бербей жатканы тартылган видео интернетке жарыяланганын белгилешкен. «Сиздин паспорттогу сүрөтүңүз менен сырткы көрүнүшүңүз дал келбей жатат. Бул жерде сиз аял, паспортто эркексиз», — деген видеодо полиция өкүлү. Бул видео интернетке жайылып кеткенден кийин колдонуучулар сексуалдык азчылык өкүлүн коркутуп, кемсинткен билдирүүлөрдү жөнөтө башташкан.

Былтыр апрелде Тажикстандагы бир нече сексуалдык азчылыктын өкүлү зомбулукка, сексуалдык ыдык көрсөтүүгө, мажбурлап никеге тургузуу жана дарылоо учурларына даттанышкан.

2020-жылы Тажикстанда документалдык тасма тартылып, анда ЛГБТ-коомчулугунун алты өкүлү өз башынан өткөн окуялар жөнүндө айтып беришкен. Каармандар көпчүлүк учурларда милиция кызматкерлери аларды коргобостон, тескерисинче үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, коркутуп, акча талап кылышарын билдиришкен.

Тажикстан бийлиги өлкөдө сексуалдык азчылык өкүлөрү куугунтукка кабылып жатканы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып, тажик мыйзамдары бардык жарандарды бирдей деңгээлде коргой турганын айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: