Menu

Дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Дастан Кубатбеков изделет

Бөлүшүү:

Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 2021-жылдын 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Кубатбеков Дастан Замирбековичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, 3-группадагы майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.

Кийген кийимдери: Башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү жемпир, кызыл түстөгү жилет, күрөң түстөгү шым, бутунда жашыл түстөгү резина өтүк болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков Дастан Замирбекович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш тел.: 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: