Menu

Фото – Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат

Бөлүшүү:

ЖКнын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Алиярбек Абжалиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.

Алардын айтымында, Абжалиев Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык абалынан жана экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон туугандык байланышын (ред – Алиярбек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Уулу Атабек Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн) пайдаланып мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкен.

Ошол эле учурда, ал жеке ишканаларды лоббилеп мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген. Муну менен бирге, Абжалиев мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, көп байлык топтогон. Тактап айтканда, 20дан ашык элиталык батирлер, Бишкектеги VIP-шаарчаларындагы турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы жер тилкелерин, ошондой эле Түркиядагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

“Абжалиев “Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине, тактап айтканда, Кайыңды кабель заводуна, ошондой эле көмүр жана алтын кендерине көп каражат жумшаган”, – деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында Абжалиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: