Menu

Видео – Адахан Мадумаров: “2010-жылы шашылыш түрдө референдум өткөрүп, Конституцияны өткөрөбүз деген жетекчилерге “Бул Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып барат” деп айттым эле, туңгуюкка алып келди”

Бөлүшүү:

“2010-жылы шашылыш түрдө референдум өткөрүп, Конституцияны өткөрөбүз дегенде, ошол кездеги жетекчибиз деген азаматтарга “Бул Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып барат” деп айттым эле. Натыйжада ошол туңгуюкка алып келди. Андан кийин “ар бир кадамында мина катылган экен, бул Конституцияны өзгөртүш керек” деп 2016-жылы Конституцияны өзгөрткөндө, мен “бул Конституция мамлекетти жокко алып барат” деген баамды бергем эле. Мамлекеттин жок экенин өткөн жылы жазда башталган апаат, оору да көрсөттү, тышкы саясатыбыз да, экономикабыз да көрсөттү, коррупциялык схемалардын ушунчалык гүлдөп кеткени көрсөттү”, – деп билдирди бүгүн, 1-мартта «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

“Былтыр октябрь айында болгон окуяларда мамлекеттин жок экендиги дагы кашкайып көрүнүп калды. Себеби, коопсуздукту камсыз кылуучу генералдарыбыз биринчи качып кеткенден кийин, мамлекет жок деп айтсак болот. Эми ошону пайдаланган азаматтардын жүргүзүп жаткан саясатын, жаңы Конституциясынын долбоорун абдан кылдат карап, окуп чыктым. Бул Конституция накта башаламандыктын туу чокусуна алып бара турган Конституция. Бул Конституция Кыргызстанда республика эмес, бир жеке инсандын ишканасына айландыруучу Конституция. Бул бүтүндөй мамлекеттик структуралардын таш-талканын чыгаруучу Конституция. Мына кечээ Өкмөттү кыскартабыз деген шылтоо менен элдин башын айландырып, “биз министрликтерди кыскарттык” дейт. Кеп министрликтерде эмес, кеп министрликтерде иштеген азаматтарда. Социалдык фондду Саламаттык сактоо министрилигине кошууну кайсы адам ойлоп тапты? Социалдык фонд – бул топтолуу принциби менен чарбалык иш жүргүзбөй турган мамлекеттик уюм экенин бүгүнкү бийликке келген азаматтардын акылына жетпесе керек. Кайсы акылы көктөп кеткен азамат Архитектураны Транспорт министрлигине кошту?

Андан сырткары, 2021-жыл кошулуу менен, бөлүнүү менен, жарылуу менен өтөт да, экономикабыз эшекке эмес итке минген, иттен да түшүп мышыкка минип калган жагдайга кептелет..

Урматтуу мекендештер, бул Конституцияга аяр мамиле жасагыла. Бул Конституция менин китебим эмес, бир партиянын уставы эмес. Бул Конституция – мамлекеттин жүзү, мамлекеттин эң башкы мыйзамы. Бул кыргыз мамлекеттин өнүгүү жолун аныктоочу Конституция”, – деп билдирди Адахан Мадумаров.

“Бул Конституция акыры мамлекетибиздин түбүнө жетет. Башка душман издеп кереги жок. Эгерде бул Конституция кабыл алынса, анда биз өз тагдырыбызды өзүбүз балта менен чаап алган болобуз. Андан кийин эч кимге арызданууга, капа болууга укугубуз жок. Жараткан элибизге акылмандуулукту берсин. Жетекчибиз деп отруган азаматтарга ыйман берсин. Негизи кандай жол менен кетсек дагы кылым карыткан элибиздин келечеги кең, асманыбыз ачык болсун”, – деп кошумчалады ал.

Автор видео: “Конституцияга каршыбыз” тобу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: