Menu

Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат

Бөлүшүү:

Кыргыз бийлиги Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине курган маегинде билдирди.

1-мартта жарыяланган маекте президент аймактагы сугат маселесин чечүүнүн жолдору тууралуу айтты:

“Биз азыр Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону караштырып жатабыз. Казакстан Республикасы 900 млн.- 1 млрдга жакын квт электр энергиясын бизге сатууга даяр экенин айтты. Өзбекстан менен да макулдашуулар жүрүп жатат. Эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизде топтолгон сууну агызып, ал аркылуу өз элибизди электр менен камсыздоого туура келет. Ошол суунун кесепетинен сугат мезгилде өзбекке да, казакка да, эч кимге суу жетпей калат. Анткени, Токтогулда суу азайып кетет. Өзүбүз электр энергиясын өндүрүүгө киришсек анын жыйынтыгы ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан, биз Казакстан менен Өзбекстандан энергияны импорттоого тийишпиз. Бул баарыбызга ыңгайлуу. Натыйжада, сугат мезгилинде коңшу мамлекеттер менен милдеттемелерибизди аткарабыз деген үмүттөбүз”.

Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы жатат. Анын жүрүшүндө казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты, өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы расмий кабарланган.

Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, энергетикалык таңкыстык коркунучу бар экенин билдирген. 24-февралдагы маалыматка караганда, Токтогулдагы суунун көлөмү 9,8 млрд куб метрди түздү. Быйыл Кыргызстандын энергетикасы суу аз топтолгон мезгилди баштан кечирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: