Menu

Фото – Президент Садыр Жапаров Нур-Султан шаарына мамлекеттик иш сапар менен келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Мамлекет башчысын Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.

Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.
Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Фото Султана Досалиева. Садыр Жапаров прибыл в Казахстан с государственным визитомФото Султана Досалиева. Садыр Жапаров прибыл в Казахстан с государственным визитом

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: