Menu

Фото – Баткен облусунда CASA-1000 долбоору боюнча калк менен жолугушуу болуп өттү

Бөлүшүү:

2021-жылдын 25-26-февралында Баткен облусунун Кадамжай районунун Токой жана Алыш айылдарында CASA-1000 долбоорунун маселери боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын, CASA-1000 жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорунун, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, Кадамжай районунун акими, тиешелүү кызматтардын кызматкерлери – Мамэкотехинспекция, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө калкка CASA-1000 долбоорун жана CASA-1000 жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорун ишке ашыруу процесси жөнүндө кеңири маалымат берилди.

“Долбоордун алкагында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын аралап өткөн, узундугу 455 чакырымга созулган 500 кВ электр берүү чубалгысы курулат (ЭБЧ). Электр берүү чубалгылары негизинен көрсөтүлгөн үч аймактын калкы сейрек жайгашкан аймактарынан өтөт. Долбоордун маршрутуна жакын жайгашкан калктуу конуштардын саны 25 айылды түзөт”, – деп билдирди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Тюменбаев.

Жергиликтүү тургундар негизинен ЭБЧнын ден-соолука тийгизген таасири жөнүндөгү жана үй чарбачылыгын тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүнбү деген суроолорду беришти.

“270 чакырымдан ашык ЭБЧ Баткен облусу аркылуу өтөт. ЭБЧнын коргоо зонасын бузулбаса, ден-соолукка коркунучсуз жашоого жана үй чарбачылыгын жүргүзүүгө жол берилет. Электр берүү чубалгысын курууда, жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын тартууда бардык белгиленген санитардык-коргоочу ченемдер жана эл аралык стандарттар так сакталат. Электр берүү чубалгысынын эң четки зымынан үйлөргө жана чарбалык курулуштарга чейинки аралык 30 метрге жетпеген учурларда, бул объекттер белгиленген мыйзамдарга ылайык көчүрүлүүгө тийиш, – деди Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Марат Раймалиев.

Белгилей кетсек, жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун алкагында 77 максаттуу айыл калктуу конуштун көлөмүнө жана анын муктаждыгына жараша тигил же бул колдоого ээ болушат.

“ ЭБЧдан 1,5 км чакырымда жайгашкан айылдар, айылдын электр энегиясы менен камсыздалышы жана инфраструктурасынын жакшыртылышы үчүн чакан гранттарды алышат. Жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен конкурстук негизде тандалып алынган 30 объекттин каржыланышы пландаштырылууда. Жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча долбоордун жалпы каржылоосу 11 миллион долларга бааланган“, – деп белгиледи CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча долбоордун координатору Майрамбек Баялиев.

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия – Кыргызстан, Тажикстан менен Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоордун алкагында керектүү электр тармактык комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылып, жайында Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: