Menu

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү боюнча референдумду өткөрүү планын жарыялады

Бөлүшүү:

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттик башкаруудан жарым-жартылай президенттик башкарууга өтүү боюнча референдумду өткөрүү планын жарыялады. Бул тууралуу ал Еревандагы Эркиндик аянтында болгон митингде билдирди.

“Октябрь айында биз референдум өткөрүүнү көздөп жатабыз, анын натыйжасында биз жаңы Конституцияны же парламенттик башкаруудан жарым президенттик башкарууга өтүүчү түзөтүүлөрдү кабыл алабыз”, – деди Пашинян.

Анын айтымында, парламенттик башкаруу формасына кайтуу Армениядагы туруктуулукту кепилдейт жана келечекте “ички саясий кризистердин пайда болушун” четке кагат.

Армения 2015-жылы парламенттик республика болгон. Мамлекеттик системанын өзгөрүшүн референдумга катышкан жарандардын 66,2% колдоду. Президенттин ыйгарым укуктары, реформага ылайык чектелип, шайлоодо көпч добуш алган партиялардан же партиялар коалициясынан көрсөтүлгөн премьер-министрдин пайдасына берилген. Эл аралык аренада өлкөнүн атынан премьер-министр чыгат.

Январь айында эле Пашинян жарым президенттик башкаруу формасы “жоопкерчиликсиз башкаруунун системасы” деп билдирген. Андан кийин ал Армения толугу менен парламенттик башкаруу системасын же толугу менен президенттик башкарууну жүзөгө ашырышы керек экенин билдирген.

«Бул башкаруу системасы биз үчүн көйгөй экенине көзүбүз жетмейинче башкаруу тутумун өзгөртпөшүбүз керек. Бул система учурда жаңы, эмне болорун карап көрөлү “, – деди Пашинян.

Булак:  “Rbc.ru”
Кыргызчалаган: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: