Menu

Лейлектеги бензин таңкыстыгы – депутат Т.Тиллаев, экс-министр З. Осмонов менен АКШда качып жүргөн Аскар Шадиевдин иниси Замир Шадиевдер уюштуруп жаткан саботажбы?

Бөлүшүү:

Фото Салык инспекциясынын бүгүн, 2-марттын таңында АЗСтерди текшерүү актысынан

Кечээ, 1-марттан бери массалык маалымат каражаттарынан “Лейлек районунда бензин менен солярка жок, жазгы жер айдап-себүү башталып жаткан учурда күйүүчү-майлоочу майлардын дефицити пайда болду” деген маалыматтар элди дүрбөлөнгө түшүрүп, байма-бай таратылууда.

Ошондуктан жергиликтүү администрациянын тапшырмасы менен райондук салык инспекциясы бүгүн, 2-мартта Лейлек районундагы 63 АЗСтин кампаларын текшерип чыкты. Натыйжада бардык АЗСтердин кампаларында мазут, бензин, солярка жетиштүү өлчөмдө бар экени аныкталды. Бул боюнча түзүлгөн акт биздин редакцияга да келип түштү.

Өкүнүчтүүсү КР Жогорку Кеңешинин депутаты Таабалды Тиллаев, КР Салык кызматынын мурунку төрагасы Замир Осмонов (Икрам Илмияновдун досу) жана АКШда качып жүргөн коррупционер Аскар Шадиевдин (АШАнын табакташы) бир тууган иниси Замир Шадиевге караштуу АЗСтер кампаларында күйүүчү-майлоочу майлар сакталып турса да жок деп жарыялашып, калкка сатышпай элди дүрбөлөңгө түшүрүшүүдө.

Ошондой эле бул эрендер “күйүүчү-майлоочу майларды Кадамжайдагы посттон бери, Лейлекке өткөрбөй жатышат” деген ушак таратышып, элди дезинформациялоодо.

Чындыгында бензин жана башка күйүүчү-майлоочу майларды сатып, бизнес кылгандар Бишкектеги айрым “крышаларына” таянып алып, күнү-түнү Тажикстанга  бензин жана башка күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик жол менен чоң өлчөмдө ташып, сатып жатышат.

Ошондуктан жергиликтүү бийлик бензин жана башка күйүүчү-майлоочу майлардын аткезчилигин токтотуунун жолдорун издөөдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: