Menu

Тармактык комитет “КР Конституциясы жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча референдумду 2021-жылдын 11-апрелинде белгилөө сунушталып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы Жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулагандан кийин кайрадан демилгечилердин кароосуна жөнөткөнүнө токтолду.

Талкуу маалында депутаттар Мыктыбек Абдылдаев менен Аида Касымалиева долбоор боюнча лингвистикалык экспертиза өткөрүү маселесин көтөрүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: