Menu

Баткенге кризис-менеджер катары жөнөтүлгөн генерал-губернатор командасына өкүл балдарын эмес, кризис-менеджерлерди чакырып жатат

Бөлүшүү:

Жакында эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, кайрадан чек ара кризиси пайда болуп, кыргыз жарандары облустук бийлик өкүлдөрүнүн мажирөөлүгүнө каршы нааразычылык  жыйындарын өткөрүшүп, президентке видеокайрылууларды жасап жатышты.

Мындай учурда өлкөнүн президенти Садыр Жапаров менен премьер-министри Улукбек Марипов Баткендеги кризисти жөнгө салууга тажрыйбасы жете турган кризис-менеджер издешип, акырында генерал Өмүрбек Суваналиевге бул кызматты сунуш кылышкан.

Өмүрбек Суваналиевди мындай кризис-менеджер катары ар кандай оор участокторго жөнөтүү биринчи жолу эмес. Эсиңиздерде болсо, 1997-жылы парламенттин депутаты Өмүрбек Суваналиевди КР Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облустук башкармалыгын жетектөөгө жөнөтүшкөн. Ал келери менен Россияда Санкт-Петербург шаарынын вице-мэрин өлтүрүп, Кыргызстанда жашынып, эл аралык издөөдө жүргөн киши өлтүргүчтү кармап, ал кылмыштын бетин ачкан. Ирандан Ооганстанга кылмыштуу жол менен ташылып бараткан 700 тонна куралды кармап, эл аралык курал контрабандасынын жүзүн сыйрыган.

2005-жылы 24-марттагы “Жоогазын революциясынан” кийин Бишкек шаарын мародёрлор каптаганда жаңы бийлик тартипти калыбына келтирүү максатында Бишкек шаардык милициясынын начальниги кызматына Өмүрбек Суваналиевди кризис-менеджер катары жөнөтөт. Бул жерде Суваналиев 1 суткада мародёрлукту токтотуп, тартипти орноткон.

2005-жылы жайында Урмат Барыктабасов тарапташтары менен келип, Ак үйдү басып алганда аларды Өмүрбек Суваналиев өзү келип кууп чыгып, Ак үйдү бошоткон.

2006-жылы күзүндө Бишкек шаарын ар түрдүү ондогон митингдер басып, башаламандыктар башталганда бийлик Өмүрбек Суваналиевди КР Ички иштер министри кылып дайындап, өлкөдөгү ар кандай толкундоолорду токтотууга кризис-менеджер катары жөнөткөн.  Суваналиев кызматка келери менен митингдер токтоп, ал кызматтан кеткенден кийин кайра башталган.

2008-жылы майда бийлик Өмүрбек Суваналиевди өлкөдөгү ошол кездеги оор участок болгон –Нарын облусун жетектөөгө жөнөткөн. Ал жерде Суваналиев элди дүрбөтүп жаткан Жетим-Тоо темир кениндеги кытайларды сүрүп чыгарып, элди тынчыткан. Торугарт бажы чек арасын өлкөнүн ичине 60 чакырым жылдырууга каршы чыгып, ал мыйзамсыз демилгени да токтоткон. Нарынга кымыз ичип, эс алууга келишкен эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн облус аймагынан кууп чыккан.

2010-жылы июндагы кыргыз-өзбек улут аралык жаңжалы кызып, бейкүнөө адамдардын каны төгүлүп жатканда алапайын таппай калган Убактылу өкмөт жаңжалды токтотууга кризис-менеджер Өмүрбек Суваналиевди Ош облустук милициясынын жетекчиси кылып жөнөткөн. Суваналиев 3 күндүн ичинде Оштогу жаңжалды токтотуп, 7 күндөн кийин Убактылуу өкмөттүн мыйзам бузууларына каршы арыз берип, кызматтан өз эрки менен кетип калган.

Эми 2021-жылы Өмүрбек Суваналиев Баткендеги кризисти жайгарууга аттанды. Келери менен өзүнө орун басар кылып, мурун өкмөттүн жана президенттин аппараттарында иштеп такшалган, Нарында өзүнө орун басар болуп, потенциалын көрсөткөн, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, ишенимге кирген дагы бир кризис-менеджер Эрлан Сапарбаевди командасына чакырып, облустагы өз командасын чыңдай баштады. Буга чычалаган айрымдар “Суваналиев өкүл баласы Сапарбаевди өзүнө орун басар кылып дайындады” деп ушак таратышууда. Чындыгында Сапарбаев Суваналиевге эч кандай өкүл бала эмес, болгону кризистүү участоктордо чоогу иштеп такшалган соратник.  Андыктан бул кризис-менеджерлердин тандемине Баткенде ийгилик гана каалоо абзел.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: