Menu

Фото – Кыргызстан аялдар Конгресси 8-март бүткүл дүйнөлүк айымдар майрамына карата Кыргызстан айымдарын куттуктады

Бөлүшүү:

1-мартта Кыргызстан аялдар Конгресси 8-март бүткүл дүйнөлүк айымдар майрамына карата Кыргызстан айымдарын куттуктап, Кыргыз Улуттук филармониясында сыйлык тапшырып, майрамдык кече өткөрдү. Бул тууралуу КР Аялдар конгрессинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечеге көп балалуу энелер, ар кандай кесиптердин жана улуттардын өкүлдөрү, эмгек сиңирген мугалимдер, аялдар кыймылынын ардагерлери жана жогорку өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон айымдар Республиканын баардык аймактарынан чакырылды.

Салтанаттуу кечени Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева куттуктоо сөзү менен ачып берди. Майрамды улантып куттуктоо жана жылуу сөздөрүн арнап Бишкек шаарынын вице мэри Ырсалиев Жамалбек Самарбекович, Тышкы иштер минстирлигинин өкүлү Мамасадыков Эмил Мамасадыкович, Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь, Россия кызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нефёдов Виктор Леонидович, Сауд Аравиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума, Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет, Афганистандын элчиси Бисмеллах Вазири, Турция элчилигинин өкүлү Йекта Камиль Ноян. Жана ардактуу коноктор: Өзбекстандын элчиси Мирзахидов Хуршид, Азербайджандын элчилигинин өкүлү Мустаджеб Акбер оглы Тагиев ,Белорусия элчилигинин өкүлү Кисликова Натали, Таджикистандын элчилигинин өкүлү Холмурудова Зарина, ACTED уюмунун жетекчиси Питер Ормель, ТIKA уюмунун жетекчиси Осман Уста, зам. ВВП ООН Хильке Дэвид. Кеченин конокторун жакшы маанай, ыр-күү коштоду: Нурайым Азыкбаева, Игорь Воронцов, Үмүт Тилегенова, Алтынай Нарбаева, Акзыйнат Эшбаева, Бек Исраилов, Тилек Найманбеков, Эрмек Мараимов, Чырмаш Чоробеков, “Жаш Канат” элдик хореографиялык ансамбли, “Нур Жетиген”, “Улуу Көч», фольклордук ансамбль, «Музаман», «Достор», «Кыргыз Руху» тобу.

Өлкөбүздүн ар кыл тармактарында эмгеги сиңген ишмер айымдар Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин “Лидерлиги үчүн”, “Жылдын Мыкты айымы”, “Өрнөктүү эне» алтын медалдары менен сыйланды. Эл аралык айымдар күнүн утурлап, Кыргызстан аялдар Конгресси “Кыргызстандын айымдары” энциклопедиясын майрамга чыгарды. Өз эмгеги менен баар тапкан 333 аял, Кыргызстанга кызматы менен үлгү болгон 333 аялзаттын тарыхы, ар кандай тажрыйбалары менен таасирдүү. Энциклопедиянын автору Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти, коомдук ишмер Замира Акбагышева эл аралык жана республикалык гендердик саясат боюнча теориялык жана көп жылдык тажрыйбасы аркылуу 333 аялдын тарыхын тартуулаган – республикалык, облустук, райондук жана айылдык деңгээлдеги ар кандай тармактарда эмгектенген аялдардын образын чагылдырып, энциклопедиянын акактай аруу беттерине түшүрдү. Эң улуу жаштагы энциклопедиянын татыктуу каарманы, Ала-Бука районунан – Эгемова Ажар апа 107 жашта, Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Өрнөктүү эне” медалынын кавалери – Уулкан Кыдырбаева 90 жашта; Баатыр эне – Каралаева Токтокан 89 жашта; Бөрүкулова Санабар апа 83 жашта; Тынымсеитова Жумакан – Кыргыздын белгилүү акын кызы, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын ээси, СССР жазуучуларынын 1Vсъездине кыргыз акын кыздарынан биринчи делегат болгон; Нусупова Жумагүл – Кыргызстандын мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССРинин маданият министри, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5, 6, 7, 8, 9, 10 чакырылыштарындагы депутаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери; Нуркалиева Эркинбүбү – Кыргызстан компартиясынын XVI, XVII, XVIII, XIX-съездеринин делегаты, механизатор; Абдыбалиева Канышай И.К. Ахунбаев атындагы медициналык академиясында физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасында улуу окутуучу, доцент; Исмаилова Майрамбүбү – Ак-Талаа районунда мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы; Орозалиева Жумагүл – Белгилүү акындардын бири, драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Чотурова Бактыгүл айым да “Кыргызстан айымдары” энциклопедиясынын татыктуу каарманы болуп кирген; Эмгек сиңирген ардагер, СССР Жогорку Советинин Президиумунун "Эмгек ардагери" медалынын ээси – Маликова Зурман; Мамбетова Клара – “Путь книги” технологиясын кайрадан өзгөртүп, окурмандар үчүн “Картотека новинок” уюштурган; Бобушева Сайракан – Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын маалыматтык – библиографиялык фонд бөлүмүнүн китепканалар аралык абонемент секторонун башкы китепканачысы. Баатыр медиктер: Көкүмбаева Жүзүмкан – “Саламаттыкты сактоонун мыктысы”, жогорку категориядагы дарыгер; Жүзүмкан Асановна – саламаттыкты сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген; Жээнбаева Бүбүайым – Кыргызстан аялдар Конгрессинин ардактуу мүчөсү; Келдибекова Айчүрөк – “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгисинин кавалери, өз милдетин аткарып жатып, башка биздин баатыр дарыгерлер сыяктуу ошол СОVID- 19 оорусу менен ооруп каза болду; Жарматова Темиркан – Эмгектин Ардактуу ардагери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери; Жумабаева Күлжамал – өмүрүнүн 44 жылын медицина тармагына арнаган жогорку даражадагы врач–терапевт; Карыбекова Жаңылбүбү – Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы, Мамбетова Алыш – “Нарис” көркөм-дизайн студиясынын негиздөөчүсү; Ниязова Сайкал – Кол өнөрчү, КР Ардактуу айымы; Шейшеева Фариза – “Сайма” көркөм чыгармачыл тобунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү; Шейшеева Светлана – "SAIMA" Көркөм өнөр тобунун менеджери, Мукарамхан Меңдибаева – Бизнеследи; Меңдибаева Нуржамал – Бизнес- леди, «Жаңы доор» ашканасынын негиздөөчүсү; Турдубаева Кумарбү – «Kumar Collection» Брендтин негиздөөчүсү; Төрөжанова Мария – Бишкек шаардык Мэриясынын №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгында аксакалдар сотунун төрайымы, II даражадагы “Эңе Даңк” медалынын кавалери; Исакова Эркайым – Бизнеследи.

Кыргызстан аялдарынын партнеру жана алар менен бирге иш жүргүзгөн чет өлкөлүк айымдар кирген. Кытай элчиси да “Кыргызстан айымдары” энциклопедиясынан орун алган. Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жубайы – Гарретт Вероника, Ирандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жубайы – Харази Захра (Ядгари), Кыргызстандагы Түштүк Корея ассоцияциясынын вице-президенти – Седжонг Хакданг борборунун директорунун орун басары, Кыргызстан аялдар Конгрессинин ардактуу мүчөсү – Хванг Боксун (Мээрим).

Аялдар Конгрессини президенти Замира Акбагышева бул аялдардын ийгилик тарыхы жаш муундарга өрнөк болот деген үмүттө.

Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят и в помещении)Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и в помещении)Возможно, это изображение (17 человек, люди стоят и в помещении)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: